Ысык-Көлдөгү форумда РКӨФ аркылуу 800 млн долларлык макулдашууларга кол коюлат

06.08.2026 | 13:07
На форуме в Иссык-Куле подпишут соглашения РКФР на $800 млн — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүү перспективалары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө фонд Кыргызстандагы чакан, орто жана ири бизнести колдогон негизги финансылык институт болуп саналат. Быйыл фонддун портфели 300 миллион долларга жетти жана жыл аягына чейин бул көрсөткүч мындан кем болбойт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары фонддун капиталын көбөйтүү тууралуу чечими үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, быйыл фонд кошумча 50 миллион доллар алат, бул кошумча финансылык ресурстарды тартууга шарт түзөт. Ошондой эле фондго тышкы каржылоону тартуу механизми иштелип жатканын белгилеп, эки өлкөнүн жетекчилеринин тапшырмасына ылайык фонддун капиталын 1 миллиард долларга чейин жеткирүүгө мүмкүн болоруна ишеним билдирди.

Ал ошондой эле форумдун алкагында жалпы суммасы 800 миллион долларды түзгөн макулдашууларга кол коюу пландалып жатканын маалымдады. Бул каражаттар кайра иштетүү тармагына, өнөр жай секторуна, ошондой эле ата мекендик банктар аркылуу чакан жана орто бизнести каржылоого багытталат.

Мындан тышкары, Амангелдиев кыргыз тарап фонддун ишмердүүлүгүн бюджеттик колдоо механизмдери аркылуу мындан ары да колдоого даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, жакында ишке ашырылган своп операциясынын аркасында фонд эми долбоорлорду улуттук валюта — сом менен каржылай алат.

Scroll to Top