Аксыда 100 орундуу мектеп курулду

Аксыда 100 орундуу мектеп курулду

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кара-Жыгач айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин төрага 100 окуучуга ылайыкташкан аталган жаңы окуу имаратынын курулушу менен таанышып, ишти тездетүү талабын койгон. Ал эми анын курулушуна 93 млн сом каралган.

Аземде сөз сүйлөгөн төрага аталган мектептин эски имаратында балалык чагы өткөнүн, кийин окуучуларга мектеп катары берилгенин эске салып: “Эми кайрадан жаңы мектептин ачылып жатышы, айыл эли үчүн чоң жаңылык. Мындай саамалык өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылууда. Быйыл эле 100 мектептин курулушу жүргүзүлүп, айрымдары колдонууга берилүүдө. Бул албетте чек эмес. Өлкө жетекчилеринин туура жүргүзгөн саясатынын аркасында дагы далай жакшы иштер жасалат. Мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелер курулуп, калктын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлор улантылат”, – деп белгиледи.

Кошумчалай кетсек, мектептин ачылышына депутат Гүлшаркан Култаева, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жетекчилер, мектеп жамааты, окуучулар жана жергиликтүү тургундар  катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>