Аксыда окуучунун сабалышынан кийин мектеп директору иштен алынды

Аксыда окуучунун сабалышынан кийин мектеп директору иштен алынды

Аксы районунун Авлетим айылындагы орто мектепте окуучунун сабалышынан кийин  мектеп директору жумуштан алдынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

«Окуя болгон айылдагы №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин директору Кененбай Шабданов өзүнө жүктөлгөн милдетине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, окуучуларга алдын-ала  түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп 9-класстын 6 окуучусу ошол эле класстын башка окуучусун сабап койгону белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги окуя 6-февралда болгонун айтып, жабырлануучунун апасынын тосмо арызына карабай, окуя териштирилерин айткан.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Аксы районунун Жаңы-Жол айылында окуучу кыздардын массалык мушташы болуп, мектеп директору жумуштан алынган.

 

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>