КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксат

20.10.2026 | 18:11
КРга автокузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жеңил автоунаалардын кузовдорун ташып келүүгө тыюу салууну дагы алты айга узартуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун КР Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыкты.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, бул чектөө сырттан алынып келинген кузовдордон, тетиктерден жана башка агрегаттардан куралган «конструктор-унаалар» деп аталган транспорт каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана каттоого каршы күрөшүүгө багытталган.

Долбоорду иштеп чыккандардын маалыматы боюнча, мындай автоунаалар көп учурда тийиштүү бажы тариздөөсү жок чогултулат, ал эми аларды каттоо үчүн жасалма документтер колдонулат же тетиктердин каяктан чыкканын тастыктаган документтер такыр эле көрсөтүлбөйт.

Дагы бир өзүнчө көйгөй — автоунааларды «кузовду алмаштыруу» шылтоосу менен каттоо. Мындай учурларда, иштеп чыгуучулар белгилегендей, каттоо органдарына жасалма документтер берилип, бажы тариздөөсүнөн өтпөй келген унааларды иш жүзүндө мыйзамдаштырып алууга жол ачылат.

Натыйжада мамлекетке бажы алымдары, салыктар жана жыйымдар толук түшпөй калат, ал эми автоунаа рыногунда ак ниет эмес атаандаштыкка шарттар түзүлөт.

Долбоорго ылайык, чектөө бажы транзитине жана Кыргызстанда автоунааларды өндүрүүгө жана чогултууга арналган кузовдорду алып келүүгө жайылтылбайт.

Мындай кузовдорду сегиз ишкана ташып келе алат:

• «ДТ Техник» ЖЧКсы;
• «Шумкар» трансулуттук корпорациясы» ААКсы;
• «Жису» кытай-кыргыз биргелешкен автоөндүрүштүк компаниясы» ЖЧКсы;
• «Шунфа» ЖЧКсы;
• «Мурат Авто» ЖЧКсы;
• «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧКсы;
• «Меридиан Голд» ЖЧКсы;
• «Белес Групп КейЖи» ЖАКсы.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул ишканалардын бир бөлүгү учурда автоунааларды чогултуу менен алектенүүдө, калгандары курулуш баскычында турат.

Өндүрүүчүлөр үчүн мындай өзгөчөлүктүн берилиши, долбоордун авторлорунун пикиринде, учурдагы долбоорлорду сактап калууга, ата мекендик автоунаа куруу тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Иштеп чыгуучулар тыюу салууну узартуу автоунаалардын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартууга, бажы төлөмдөрүнөн качууну болтурбоого жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жардам берет деп эсептешет.

Эске салсак, автокузовдорду ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу буга чейин да киргизилген болчу.

Анара Мамытова

Scroll to Top