Акунбеков: Мунай-газ ишканалары Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылууга тийиш

Жалал-Абад облусунда айыл чарба министри Эрлист Акунбеков «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргыз Петролеум Компани» ишканаларынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Негизги көңүл ички рынокко күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) үзгүлтүксүз жеткирүүгө жана долбоордук баасы 409,9 млн долларды түзгөн мунайды кайра иштетүүчү заводду (МКЗ) модернизациялоо темпине бурулду.
Кабмин төрагасынын орун басары өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн мунайды кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды модернизациялоонун стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ишканалардын жетекчилигине курулуш иштерин тездетүүнү жана жабдууларды жаңылоо графигин так сактоону тапшырды.
«Кыргызнефтегаздын» жаңы скважиналарды бургулоо боюнча чыгымдарды толугу менен жапкан 14 чет өлкөлүк инвестор менен кызматташуусу өзгөчө белгиленди. Акунбеков республикада мунай азыктарын таңсыктыгын болтурбоо үчүн ресурстарды казуу жана кайра иштетүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.