Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Ошто «Көчмөн жолу» эл аралык мотожүрүшү өтөт
30.06.2026 | 10:03

Бүгүн, 30-июнда, Ош шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Көчмөн жолу» эл аралык мотожүрүшү жана мотосезондун ачылышы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген 150гө жакын байкер катышат. Мотожүрүш саат 15:30да борбордук аянтта башталып, Сулайман-Тоо этегинде жыйынтыкталат.
Жүрүштүн максаты — мото-туризмди өнүктүрүү, коопсуз айдоо маданиятын жайылтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат. Иш-чара шаардык бийликтин жана мотоклубдардын колдоосу менен уюштурулууда. Мэрия бардык каалоочуларды мотожүрүшкө күбө болууга чакырды.
Теги: Ош шаары