Кыргызстанда 169 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатат

Кыргызстанда 169 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатат

Кыргызстанда жыл башынан бери турмуштук оор кырдаалда турган балдардын саны азайды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында турмуштук оор кырдаалда турган 3356 бала аныкталган.

“Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан балдар, иштеген балдар жана эмгектин эң оор түрлөрүнө тартылган, кароосуз калган, мыйзамга карама-каршы келген, зомбулукка кабылган балдар. Ар бир аныкталган бала үчүн жекече кам көрүү планы түзүлөт”, — деди ал.

Ал белгилегендей, аныкталган балдардын жарымынан көбү мындай жардамды алышкан.

“Биз аларды турмуштук оор абалдан чыгара алдык. Калган балдар боюнча иш улантылууда. Бир жарым миңден ашык бала үй-бүлөлүк чөйрөнүн ар кандай формалары-камкордук, асырап алуу, фостердик үй-бүлөлөр менен камтылган.

Жыл башынан бери багып алган (фостердик) үй-бүлөлөрдүн саны 21,2% га өстү. Бүгүнкү күндө 97 фостердик үй-бүлөдө 169 бала тарбияланууда», — деди Жаңыл Алыбаева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>