Акыйкатчы Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия түздү

Акыйкатчы Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия түздү

Акыйкатчы политолог Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссия соңку бир жылдан ашык УКМКнын Тергөө абагында кармалып жатып 10-июнда каза болгон Марат Казакпаевдин камакта кармоо шарттары, камакта кармоонун негиздери жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жеткиликтүүлүгү ж.б. жагдайларын иликтейт.

Аталган комиссиянын курамына Акыйкатчы аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери ошондой эле Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” координациялык кеңешинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун,  “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди. Ал эми Башкы Прокуратура байкоочу катары катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>