Акыйкатчы мурдагы күйөөсүнүн мыкаачылыгынан жабыркаган аялдан кабар алды

Акыйкатчы мурдагы күйөөсүнүн мыкаачылыгынан жабыркаган аялдан кабар алды

Акыйкатчы Чүйдүн Селекция айылында мурдагы аялынын кулагын жана мурдун кескен жаранды буга чейинки зордуктоо фактысы үчүн пробацияга чыгарган сотко чара көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабыркаган аял дарыланып жаткан ооруканага барып, аялдан кабар алган. Акыйкатчы палатада жабырлануучу жана анын бир тууганы менен сүйлөшкөн.

«Балдарынын энесине мындай мыкаачылык менен кылмыш жасаганы үчүн ал эң оор жаза алыш керек», — деген Жаманбаева.

Акыйкатчы институтанан билдиришкендей, жабыркаган аял кичинекей балдарынын азыркы абалына кабатыр болууда. Себеби кичүү уулу бул кылмыштын күбөсү болгон. Аларга тез арада психологиялык көмөк зарыл.

Аялдын бир тууганы акыйкатчыга башка жагдайлар тууралуу дагы айтып берген. Анын айтымында, мурдагы жолдошу аялдын кулагын жана мурдун кескенден кийин, бетин да бир нече ирет кескилеген.

Учурда жабыркаган аял ооруканада психологиялык жардам алууда.

«Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл болгон жардамды көрсөтөт», — деп билдирген акыйкатчы.

Ошондой эле акыйкатчы министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку сотту, Башкы прокурорду мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бетин кескилеген аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга жоопкер болгон кызмат адамдарына чара көрүүгө чакырат.

«Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып жана мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган. Ага карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды көрүүгө милдеттүү. Аталган органдардын ар бир кызматкери өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдыгерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол бергени үчүн жаза алышы керек», — деди акыйкатчы.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган.

Жабыркаган аял ооруканага түшкөн. Улуттук госпиталда ага операция жасалып, ал 8 саатка созулган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Соттук отурум 27-сентябрга белгиленген.

Жогорку сот аталган иш Чүй облустук сотунда каралгандан кийин айыпталуучуну пробацияга чыгарган соттун аракеттерине тиешелүү баа берилерин билдирген.

Белгилей кетсек, соттун пробация тууралуу өкүмү коомчулук тарабынан сынга алынып, мындай чечим чыгарган сотко чара көрүүнү талап кылышкан.

Чүйдө күйөөсү аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>