Азия оюндары: Кыргызстандын футбол курамасы 1/8 финалга чыкты

Азия оюндары: Кыргызстандын футбол курамасы 1/8 финалга чыкты

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы 1/8 финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Эскерте кетсек, Азия оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түндүк Корея, Кытайлык Тайбей жана Индонезия менен F тайпасына жайгашкан. Алгачкы эки беттешинде Кыргызстан Индонезия (0:2) менен  Түндүк Кореяга (0:1) жеңилген. Эреже боюнча тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар менен үчүнчү орунду алган 4 мыкты команда 1/8 финалга чыгары каралган.

24-сентябрда Кыргызстандын курамасы F тайпасынын жыйынтыктоочу беттешинде Кытайлык Тайбейдин футболчулары менен ойноп, аларды 4:1 эсебинде уткан. Бул жеңиш кыргызстандык футболчуларга өз тайпасында 3-орунду ээлеп, 1/8 финалга чыгууга мүмкүндүк берген.

Киийнки, 1/8 финалдагы беттеш 27-сентябрь күнү өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>