Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Азия оюндары: Кыргыз мушкер биринчи атаандашын нокаут менен жеңди
25.09.2023 | 09:00
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча мелдеште кыргызстандык мушкер Аскат Култаев 1/8 финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бокс боюнча мелдеш 24-сентябрь күнү башталып, 63 кг салмакта беттешке чыккан Аскат Култаев 1/16 финалда Сауд Арабиянын мушкери менен кез келген. Беттештин экинчи айлампасында ал атаандашын нокаут менен жеңип алган.
Кыргызстандык мушкердин кийинки беттеши 27-сентябрь күнү өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз