Жапаров араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды

Жапаров араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Аль Саех Групп» («Al Sayegh Group») ири корпорациялардын биринин башчысы Абдул Джаббар Аль Сайехараб жетектеген араб  инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан өлкө экономикасына дүйнөлүк деңгээлдеги инвестициялык компанияларды тартууга кызыкдар.

«Кыргыз тарап ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр» (ачкычка чейин тапшыруу) – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде араб делегациясынын мүчөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө долбоорлорду ишке ашырууну баштоого даяр экендиктерин билдиришип, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды сунушташты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>