Кыргызстандын жана Орусиянын Жогорку соттору дипфейктерге каршы биргелешип күрөшөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Орусия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Игорь Краснов Кыргызстанга расмий сапар менен келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту Медербек Сатыев, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана Орусиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов тосуп алышты.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн жогорку сот органдарынын жетекчилери Бишкектеги Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскеришти. Андан соң Кыргызстандын мамлекеттик резиденциясында Медербек Сатыев менен Игорь Красновдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин, сот өндүрүшү жаатында тажрыйба алмашууну жана эки өлкөнүн жогорку сотторунун ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү талкуулашты.
Кийинчерээк жогорку соттордун төрагалары «Сот системасынын көз карандысыздыгын жана аброюн бекемдөөнүн укуктук маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара гибриддик форматта өтүп, Кыргызстан менен Орусиянын сотторунун судьялары жана аппарат кызматкерлери үчүн онлайн-трансляция уюштурулду.
Катышуучуларга кайрылган Медербек Сатыев XXI кылымда соттун көз карандысыздыгы анын мыйзамдарда бекитилиши менен гана чектелбей турганын белгиледи.
«Соттун көз карандысыздыгын Конституцияда жана мыйзамдарда жарыялоо жетишсиз. Көз карандысыздык юридикалык жактан гана бекитилбестен, иш жүзүндө да камсыздалышы керек», — деди ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө сот бийлигинин көз карандысыздыгын бири-бири менен байланышкан бир нече багытта кароо зарыл. Алар укуктук, каржылык жана санариптик багыттар. Башкача айтканда, чыныгы көз карандысыздык бекем укуктук негизге, каржылык өз алдынчалыкка жана санариптик эгемендүүлүккө ээ болушу керек.
Игорь Краснов өз кезегинде жазуучу, прозаик жана философ Чыңгыз Айтматовдун «Баарыбыз бир планетада жашайбыз» деген оюн мисал келтирди.
Краснов бул ойду улантып, санариптик чөйрө адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын, ошол эле учурда өлкөлөрдүн чегине бөлүп кароого мүмкүн болбой калган коркунучтарды жаратып жатканын белгиледи. Алардын арасында киберкылмыштуулук, жасалма интеллектти мыйзамсыз максаттарда колдонуу, криптоактивдердин кылмыштуу жүгүртүлүшү, дипфейктердин жана маалыматтарды бурмалоонун башка түрлөрүнүн жайылышы бар.
Анын айтымында, далилдер чөйрөсү да өзгөрүүдө. Виртуалдык далилдердин аныктыгы жана жол берилгендиги боюнча маселелер жаралып, судьяларга даяр чечимдер жок болгон шартта электрондук издер жана алгоритмдерди колдонуунун натыйжалары менен иштөөгө туура келүүдө.
Ушундан улам Орусия менен Кыргызстандын сот системаларынын ортосунда алдыңкы тажрыйба жана идеялар менен кесиптик алмашуу маанилүү экенин белгиледи. Буга эки өлкөнүн көп жылдардан берки тыгыз байланыштары жана укуктук салттарынын жакындыгы шарт түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Медербек Сатыев менен Игорь Краснов Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Орусия Федерациясынын Жогорку сотунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документ сот адилеттиги институтун өнүктүрүүгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле сот практикасы менен үзгүлтүксүз алмашууга багытталган.
Байланыштарды бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен В.М. Лебедев атындагы Орусиянын мамлекеттик сот адилеттиги университетинин ортосунда да макулдашууга кол коюлду. Документ билим берүү, илимий, маданий жана башка багыттарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.