ЖККУда нацизмдин кылмыштары тууралуу тарыхый чындыкты коргоого чакырышты

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 1946-жылдын 1-октябрында Нюрнбергдеги Эл аралык аскердик трибуналдын өкүмү жарыяланганынын 80 жылдыгына байланыштуу биргелешкен билдирүү жасашты.
ЖККУда Нюрнберг процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүнү эл аралык кызматташтыктын кайталангыс тажрыйбасы деп аташты. Уюм ар кандай коомдук түзүлүшкө, маданиятка, каада-салтка жана тарыхка ээ мамлекеттер согушту тутанткан күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн бириккенин белгиледи.
ТИМ жетекчилери дүйнөлүк коомчулукту Эл аралык аскердик трибунал иштеп чыккан принциптерди урматтоого жана коргоого чакырышты. Билдирүүдө белгиленгендей, алар согуштарды, геноцидди, согуш кылмыштарын, кыйноолорду жана адамзатка каршы башка кылмыштарды алдын алууга багытталган.
«Биз бул Өкүмдү заманбап эл аралык укуктун жана дүйнөлүк тартиптин бекем жана кайра каралбай турган негизи катары карайбыз. Өкүм нацизмдин биротоло талкаланышын юридикалык жактан бекемдеген», — деп айтылат билдирүүдө.
Документте ошондой эле Нюрнберг процесси нацисттик уюмдарды, биринчи кезекте нацисттик партиянын жетекчи курамын, СД, гестапо жана ССти кылмыштуу деп тапканы айтылат. Министрлердин пикиринде, бул процесс согуштан кийинки согуштарды, геноцидди, кыйноолорду жана адамзатка каршы башка кылмыштарды болтурбоого багытталган эл аралык-укуктук механизмдердин пайдубалын түптөгөн.
Билдирүүнүн өзүнчө бир бөлүгү нацисттердин Советтер Союзунун тынч жашоочуларына каршы жасаган кылмыштарына арналган.
ТИМ башчылары Нюрнберг трибуналынын өкүмүндө мыкаачылык жана террор менен коштолгон согуш кылмыштарынын масштабы тууралуу айтылганын эске салышты. Документте карапайым калкты өлтүрүү жана аларга мыкаачылык менен мамиле кылуу өзгөчө СССРдин жарандарына карата кеңири колдонулганы белгиленет.
Билдирүүдө айтылгандай, трибунал келтирилген далилдердин негизинде бул кылмыштар басып алуучу бийликтерге каршылык көрсөтүүнү басуу үчүн гана эмес, ошондой эле басып алынган аймактарды кийин колониялаштыруу максатында тынч калкты кууп чыгуу жана кырып жок кылуу планынын бир бөлүгү болгон деген тыянакка келген.
Буга байланыштуу ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Нюрнберг трибуналы тарабынан аныкталган нацисттер жана алардын жан-жөкөрлөрү тарабынан СССРдин тынч калкын кууп чыгуу жана жок кылуу фактылары Советтер Союзунун элдерине карата геноцид катары бааланышы керек деп билдиришти.
Билдирүүнүн авторлору ошондой эле согуш талааларында, бомбалоолордо, оккупацияланган аймактарда жана концлагерлерде курман болгон адамдардын элесине таазим этишти.
ТИМ башчылары 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде жасалган согуш кылмыштарынын жана адамзатка каршы кылмыштардын курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн мамлекеттер тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары, алар фашисттик баскынчылардын жана алардын жан-жөкөрлөрүнүн жаңыдан ачылган кылмыш фактыларын иликтөө жана айыптоо зарылдыгын айтышты.
Билдирүүдө Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын кайра карап чыгуу аракеттери тууралуу да сөз болот. Министрлер ЖККУ өлкөлөрү тарыхты бурмалоону, анын ичинде согуштун жыйынтыктарын жана Нюрнбергдеги Эл аралык аскердик трибунал аныктаган нацисттердин кылмыш фактыларын бурмалоону кескин түрдө четке кагарын билдиришти.
«Биз тарыхый чындыкты ар кандай бурмалоолорду чечкиндүү түрдө четке кагабыз жана мындай кылмыштарды, анын ичинде геноцидди танбоо, кылмышкерлердин аракеттерин колдоо же актоо саясаты курман болгондордун жана бардык азап-тозокторду баштан кечиргендердин элесине шек келтирип гана тим болбостон, жазасыздык иллюзиясын жана мындай адамгерчиликсиз аракеттердин кайталанышына ыңгайлуу шарттарды түзөт деп эсептейбиз», — деп айтылат документте.
Сөз соңунда ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери эл аралык коомчулукту Нюрнбергдеги Эл аралык аскердик трибуналдын мурасын коргоого жана нацизмдин кылмыштары тууралуу объективдүү маалыматтарды жайылтууну күчөтүүгө чакырышты.
ТИМ жетекчилеринин баамында, мындай иш элдердин тынчтыкта жана ынтымакта жашоосуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон неонацисттик идеологиянын, кыймылдардын жана уюмдардын жайылышына жол бербөө үчүн зарыл.