Кыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептерин заманбап окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу жарлыкка кол койду. Аларды басып чыгарууга мамлекеттик бюджеттен 8,5 млрд сом бөлүндү.
Жарлыкка ылайык, окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана заманбап методикалык талаптарга жооп бериши керек.
кабинет министрлерине 2027–2030-жылдарга жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды.
Анын алкагында окуу программаларын жана жаңы окуу китептерин кайра карап чыгып, иштеп чыга турган ведомстволор аралык комиссия түзүү пландалууда. Окуу адабияттары билим берүү стандарттарына шайкештиги боюнча экспертизадан өткөрүлүп, авторлор жана окуу китептери сынактык негизде тандалат.
Мындан тышкары, ар бир окуу китебине уникалдуу QR-код коюу пландалууда. Анын жардамы менен китептин кайда жеткирилгенин — конкреттүү облуска, мектепке, класска жана окуучуга чейин көзөмөлдөөгө болот.