Акылбек Жапаров: Файзиев лекция окуп акча таап көнүп алган экен

Акылбек Жапаров: Файзиев лекция окуп акча таап көнүп алган экен

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат. Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Асман” шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Тимур Файзиев туурасында да кошумчалады.

 “ Тимур Файзиев фейсбукка чыгып өзүнүн оюн эркин айтып көнүп алыптыр. Лекция окуп акча таап көнүп алган жигиттердин бири экен. Эми азыр өкмөттүн жумушуна келгенден кийин тизгиниңди тартып, биринчи жумушуңду жасап , жыйынтыгын көрсөт деп жатабыз. Мен эми 58ге келип калдым, 50дөн кийин адам баласы ким болбосун жакшы жагын издей берет экен…  Бир топ мекемелерди курган экен, аларын көрдүм. Анын командасын көрүп, балким, бизге жардам береби дедим. Азыр 2-3 ай убакыт берип көрбөйлүбү?”— деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>