Улууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысы

01.10.2026 | 13:10
Улууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысы — Новости Кыргызстана

КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев улуу муундун өкүлдөрүн Карылар күнү менен куттуктап, мамлекет алардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча көрүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Ал өз кайрылуусунда кыргыз маданиятында улууларды урматтоо, алардын турмуштук тажрыйбасын, насаатын баалоо жана батасын алуу өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Койчиевдин айтымында, бул салт муундар ортосундагы байланыштын жана элдин тарыхый эс тутумун сактоонун маанилүү бөлүгү бойдон калууда.

«Улуу муундун басып өткөн жолу — арттан келе жаткандар үчүн баа жеткис сабак. Сиздердин тагдырыңыздарда элибиздин тарыхы, оор жана өзгөрмөлүү мезгилдер, бай турмуштук тажрыйба, туулуп өскөн жердин жана өз элинин алдындагы жоопкерчилик сезими чагылдырылган. Андыктан улуулардын сөзүн угуу — алардын тажрыйбасынан акылмандыкты үйрөнүп, келечекке туура жол табуу дегенди билдирет», — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекеттик катчы улуу муундун татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин негизги милдеттеринин бири бойдон каларын баса белгиледи. Бул жерде социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, ошондой эле улгайган адамдардын коомдук турмушка жигердүү катышуусуна жана топтолгон тажрыйбасын жаштарга өткөрүп берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү тууралуу сөз болууда.

Койчиевдин айтымында, Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында бир катар тиешелүү милдеттер каралган. Алардын арасында кары-картаңдар үчүн социалдык кызматтарды өнүктүрүү, сергек жана жигердүү узак өмүр сүрүүгө шарттарды түзүү жана геронтологияны өнүктүрүү бар.

Атап айтканда, Кыргызстанда 2030-жылга чейин улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүгө арналган үч геронтологиялык борборду куруу пландалууда.

Мамлекеттик катчы пенсиялык камсыздоого да өзүнчө токтолду. Анын маалыматы боюнча, мамлекет тарабынан бул багытка бөлүнгөн каражаттын көлөмү 2021-жылдагы 55 миллиард сомдон азыркы учурда 125 миллиард сомго чейин өстү. Ошентип, беш жылдын ичинде каржылоо көлөмү эки эседен ашык көбөйдү. Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйүүдө. Жогорулагандан кийин пенсиянын орточо өлчөмү 12 миң 898 сомду түзөт.

Койчиев улгайган жарандарды колдоо мамлекеттик саясат менен гана чектелбеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, улуу муундун өкүлдөрүнө урмат-сый жана камкордук көрсөтүү ар бир үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болушу кажет.

«Ата-энени сыйлоо, улуулардын батасын алуу, алардын акылмандыгын жана насааттарын баалоо — элибиздин биримдигин бекемдеген түбөлүктүү баалуулуктар. Бул адеп-ахлактык эрежелер муундан-муунга өтүп, коомубуздун руханий негиздерин чыңдоону улантышы керек», — деди ал.

Мамлекеттик катчы ошондой эле улуу муундун турмуштук тажрыйбасын жаштар үчүн билим булагы, ал эми карылардын кеңештери менен насааттарын убакыт өткөн сайын баасы арта турган мурас деп атады.

Сөзүнүн соңунда Койчиев улуу муундун өкүлдөрүнө бекем ден соолук, узун өмүр, көңүл бейпилдигин, үй-бүлөлүк бакыт, балдары менен неберелеринин сүйүүсүн жана сый-урматын каалады.

«Улуу муундун батасы элибизге күч-кубат берип, жаш муундун урмат-сыйы карыларга дем жана рухий колдоо тартууласын. Ар бир үйдө береке, ынтымак жана биримдик өкүм сүрүп, өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү болсун!» — деп айтылат куттуктоодо.

Scroll to Top