Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Ош шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулду
01.10.2026 | 12:31

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1 миң 200 орундуу мектептин курулушу толугу менен аяктады. Имарат эки нөөмөттө 2500дөн ашык окуучуну окутууга ылайыкталган. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулган.
Төрт кабаттуу жаңы окуу жай беш блоктон турат, анын жалпы аянты 13 миң 610 чарчы метрди түзөт. Имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары жайгашкан. Аймакта футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулган.
Учурда объектте окуу жараянын баштоого даярдыктар көрүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим