Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылды
01.10.2026 | 13:21

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы социалдык багыттагы объектилерди жеке менчикке өткөрүп берүүдө мыйзамдардын сакталышын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1993-жылы Октябрь районунун Карасаев (Дружбы) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 182 миллион 624 миң сомго бааланган аталган социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом