Кыргызстанда кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү көздөлүүдө

Кыргызстанда кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн өзүнчө айып пулдарды белгилөө, ошондой эле укук бузуулар үчүн эскертүү берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КР Башкы прокуратурасы иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Демилгечилер бул кадамды коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, жаза чарасын тандоодо кызмат адамдарынын негизсиз жеке чечим чыгаруусун жокко чыгаруу жана эскертүүлөрдү колдонуунун бирдиктүү тартибин орнотуу зарылдыгы менен түшүндүрүшүүдө.
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандык үчүн өзүнчө жоопкерчиликти киргизүү болуп саналат.
Алсак, жеке (өздүк) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны тапшырбагандыгы үчүн 3 миң сом, ал эми анда так эмес же толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда.
Эң чоң айып пул — 15 миң сом — потенциалдуу же реалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү, анын ичинде анын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды колдонбогондугу үчүн белгиленүүдө.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору эскертүү берүү эрежелерин да өзгөртөт.
Тактап айтканда, эгерде санкцияда эскертүү же айып пул тандоосу каралган болсо, эреже биринчи жолу бузулганда эскертүү берилиши керек. Ушундай эле тартип мурунку жаза жөнүндө токтом күчүнө киргенден кийин бир жылдан ашык убакыт өтүп, кайрадан окшош эреже бузулган учурда да колдонулат.
Ал эми жаран бир жылдын ичинде дал ошондой укук бузууну кайталап жасаса, эскертүү берилбейт — мыйзам бузуучуга беренеде каралган айып пул салынат.
Мыйзам долбоорунун авторлору мындай өзгөртүүлөрдүн зарылдыгын бир эле мыйзам бузуучуларга бир нече ирет эскертүү берилген практика менен да түшүндүрүшүүдө.
Маселен, 2023-жылдан тартып 2026-жылдын биринчи чейрегине чейин куралды сактоо же ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 965 эскертүү берилген. Анын 853үндө (12%) бир жылдын ичинде дал ушул эрежени кайра бузган жарандарга карата эскертүү кайталап колдонулган. Сегиз айдын ичинде бир адамга 10 жолу эскертүү берилген учурлар да катталган.
Окшош жагдай аймактарды көрктөндүрүү эрежелерин жана тазалык талаптарын бузууда да аныкталган. Аталган мезгил аралыгында 1 миң 132 эскертүү берилип, анын 234ү (20,7%) кайталап берилген. Айрым учурларда бир эле мыйзам бузуучуга жыл ичинде 12 жолу эскертүү чыгарылган.
Ошондой эле «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамдын таасири тиешелүү болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү сунушталууда.
Ага мамлекеттик же муниципалдык кызматкер макамына ээ болбогон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле алардын ордуна убактылуу иштеп жаткан адамдарды кошуу көздөлүүдө.
Мындан техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер гана чыгарылат.
Анара Мамытова