Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-10-февралда Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат.

«Ошондой эле, Түркиянын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. МинКаб төрагасы мындан тышкары кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулаары күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>