Нарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылдыКаракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салынды
Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды
07.02.2024 | 22:50
Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМ КИББнин экинчи башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанда Интерпол УБ менен биргеликте издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Аткарылган иш аракеттердин натыйжасында алдамчылык үчүн Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 1987-жылы туулган Ш.О. аттуу Түркиянын жараны ушул жылдын 30-январында Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.
Алынган маалыматтар боюнча, Түркиянын укук коргоо органдары ага 2021-жылы издөө жарыялаган. Учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери иштелип чыгууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар