Акылбек Жапаров салык планын оңой аткаруунун жолун айтты

Акылбек Жапаров салык планын оңой аткаруунун жолун айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгиленген салык чогултуу планы толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи.

«Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Контрабанда тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу контрабанданы толугу менен токтотуу», — деди Министрлер кабинетинин башчысы. 

Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

«2022-жылдын январь-сентябрь айларында салык кызматы тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү түрүндө 148 млрд 125 млн сом жыйналды, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,3 млрд сомго көп», — деди салык кызматынын башчысы. 

Ал кошумчалагандай, 111 млрд 755,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 236,8 млн сомго ашык аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906,6 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 147,3%).

Кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>