Азия чемпионаты: Бүгүн кайсы балбандар күрөшөт?

Азия чемпионаты: Бүгүн кайсы балбандар күрөшөт?

Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде бүгүн, 14-апрелде эркин күрөш боюнча кыргызстандык беш балбан таймашка чыгат.

Бүгүн таймашка Тайырбек Жумашбек уулу, Адилет Жапаркулов, Нуртилек Карыпбаев, Мирлан Чыныбеков жана Музафар Жапуев чыгат.

Беттештер саат 12:00до башталат. Азия чемпионаты КТРК-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.

61 кг (чейрек финал)

Тайырбек Жумашбек уулу – Кодаи Огава (Япония) менен Мурат Хожанепесовдун (Түркмөнстан) беттешинин жеңүүчүсү

74 кг (1/8 финал)

Адилет Жапаркулов  –  Жафар Чулибоев (Өзбекстан)

86 кг (квалификациялык айлампа)

Нуртилек Карыпбаев –  Жоинти Кумар (Индия)

92 кг (квалификациялык айлампа)

Мирлан Чыныбеков – Абдулсалам Аль Обайди (Ирак)

125 кг (квалификациялык айлампа)

Музафар Жапуев – Ехён Юнг (Корея)

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги 9-апрелде башталган, бүгүн, 14-апрелде жыйынтыкталат. 13-14-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар өтүүдө. Ага чейин грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болуп өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>