Акжол Махмудов Роман Власовго каршы беттеши тууралуу айтты (видео)

Акжол Махмудов Роман Власовго каршы беттеши тууралуу айтты (видео)

Казакстанда өтүп жаткан Азия биринчилигинде үчүнчү жолу Азия чемпиону болгон грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) жеңиштен кийин сезимдери жана апрель айынын аягындагы россиялык балбан Роман Власовго каршы беттешке даярдыгы тууралуу айтып берди.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов 9-апрелде Астана өтүп жаткан Азия чемпионатында үчүнчү жолу Азия чемпиону болду. Финалда ал ирандык Амин Явар Кавиянинежад менен күрөшмөк. Бирок атаандашы жаракат алып, күрөшө албай калгандыктан жеңиш Махмудовго берилген.

Жеништен кийин журналист Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болуп жатканын айтып, чемпионатка даярдык кандай болгонун сурады.

«Даярдык жакшы болду. Бирок күрөшүп, жеңишке жеткендей сезим болгон жок. Бул такыр башка. Финалга чыккандан кийин атаандашым жаракат алып калган учур биринчи жолу болуп жатат. Ага ден соолук каалайм, тезирээк айыгып кетсин. Күрөшүп жетишкен жеңиштин даамы башка деп ойлойм», — деди ал.

Ал ирандык Амин Явар Кавиянинежад менен мурда күрөшкөнүн айтты.

«Ал менен 2015-жылы Азия биринчилигинин финалында күрөшүп, анда аны жеңип алгам», — деди Махмудов.

Андан кийин ал Алматыдагы Poddubny Wrestling League мелдешинде россиялык Роман Власов менен боло турган беттеш тууралуу айтты.

«Роман Власов менен боло турган беттешке даярдык өтө жакшы. Кудай буйруса, колумдан келген бардык аракетти жумшайм. 26-апрелде Алматыда беттеш өтө кызык болот», — деди Махмудов.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов менен россиялык спортчу Роман Власовдун беттеши 26-апрелде Алматы шаарында өтөт.

Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>