“Ала-Арча”, “TommiMall” соода борборлору. Бир катар объектилер аукционго коюлду

16.04.2025 | 10:26

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик мамлекеттин балансындагы бир катар объектилер электрондук аукционго коюлганын билдирип, жарандарды катышууга чакырды.

Аукционго Министрлер кабинетинин менчигиндеги төмөнкү жерлер жана имараттар коюлган:

  1. Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектиси 299В дарегинде жайгашкан 10 миң 740 чарчы метр жер тилкеси менен” Ала-Арча ” соода борборунун имараты. Баштапкы наркы– 1 244 312 640 сом.
  2. Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Фрунзе көчөсү, 353а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр жер тилкеси. Баштапкы баасы-3 336 900 сом.
  3. Жалпы аянты 67,8 кв.м. батир: Бишкек шаары, Ажыбек Баатыр көчөсү, 1/6-2 үй, 2-батир. Баштапкы баасы – 6 млн 793 миң 800 сом.
  4. Бишкек шаары, Ажыбек-Баатыр көчөсү 1/6-үй, 81-батир дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 90,2 чарчы метр батир. Баштапкы баасы-8 476 800 сом.
  5. «TommiMall» соода борбору, пайдалуу аянты 15 514,8 чарчы метр турак эмес жай, 5000 чарчы метр жер участогу , Бишкек ш., Токомбаев проспектиси, 21/1б дарегинде жайгашкан. Баштапкы наркы– 1013 840 000 сом.
  6. Галерея-миллениум аянты – 2360,9 кв. м турак эмес жай, жер участогунун аянты – 1129 кв.м, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 147/1 дарегинде жайгашкан. Баштапкы баасы – 218 млн 500 миң сом.

Аукционго катышуунун шарттары боюнча маалыматты агенттиктин расмий сайтынан алууга болот:

 

Scroll to Top