КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Түп райондук сотунун бөлүм башчысы пара менен кармалды
16.04.2025 | 11:02
Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А. пара талап кылууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган бөлүм башчы К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн 85 мин сом пара талап кылган. Бирок бул өкүм Жогорку соту тарабынан кассациялык тартипте каралып, өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
11-апрелде А.Э.А. мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда кармалган. Ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө уланып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом