Бишкектеги эстеликтер: Постаменттен шаар тургундарына жана конокторуна кимдер карап турушат
Бишкек — салыштырмалуу жаш шаар, бирок анын архитектуралык келбети жана мемориалдык мейкиндиги тездик менен өзгөрүдө. Буга борбордук Ала-Тоо аянты далил. Бул жерде отуз жылдан ашык убакыттын ичинде постаментте дүйнөлүк пролетариаттын жол башчысы Владимир Ленин, аял кейпиндеги «Эркиндик» жана кыргыздардын башын бириктирген эпикалык баатыр Манас орун алмаштырууга үлгүрдү. Бирок Кыргызстандын борбору тарых барактарында эгемендүүлүк жылдарында коомдук аң-сезимдин кантип өзгөргөнүн гана эмес, өлкөнү жана элди түзгөн бардык нерселердин эс-тутумун сактап келет. Reporter.kg Кыргызстандын тарыхын жакшыраак түшүнүүгө жардам бере турган кыргыз борборунун эң белгилүү жана маанилүү эстеликтерин топтоду.
Манас, Бишкек баатыр, Курманжан-датка, мамлекеттүүлүктү негиздеген аталар
Эң башкысы — албетте, дүйнөдөгү эң ири баатырдык эпостун борбордук каарманы жана кыргыз элинин атасы — Манас. Манастын элесин чагылдырган алгачкы архитектуралык-скульптуралык композиция шаарда совет доорунда эле, 1981-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында пайда болгон.
Скульптор Тургунбай Садыков менен архитектор Алексей Печенкин баатыр жалгыз болбошу керек деп чечишкен. Эстеликте Манас өзүнүн ишенимдүү Ак-Куласын алдыга карай чаап барат, жанында ажыдаар бар. Баатырдан бир аз ылдыйыраак постаменттерде: оң жагында жубайы жана жардамчысы Каныкей, сол жагында насаатчысы, акылман Бакай орун алган.

Азыркы учурда шаардын чок ортосундагы Ала-Тоо аянтында жайгашкан Манастын эстелиги негизги эстелик болуп эсептелет. Ал 2025-жылдын жайында жаңы нускага алмаштырылган. Эстелик биринчи жолу аянтта 2011-жылы пайда болгон. Скульптор Базарбай Садыков жараткан алгачкы «Айкөл Манас» өзүнүн тулпарына минип, постаменттен шаар тургундарына философиялык маанайда карап турчу. Он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин эстеликти алмаштыруу чечими кабыл ойнолуп, скульптор Тамила Маматованын эмгегинен жаралган Манастын эстелиги максатына карай бараткан жалгыз, каардуу жоокердин элесин берет.
Ала-Тоо аянтына жакын жерде XVIII кылымда кыргыздардын жунгарларга каршы күрөшүн жетектеген легендарлуу жоокер Бишкек баатырдын жана XIX кылымдагы алай кыргыздарынын канышасы, революцияга чейинки мезгилдеги жалгыз башкаруучу айым, саясатчы жана дипломат Курманжан Датканын эстеликтери жайгашкан. Алар тууралуу Бишкектин борбору жөнүндөгү материалыбызда кеңири айтып бергенбиз.

Алардын жанында 1996-жылы эле XX кылымдагы Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлеринин аллеясы ачылган. Ал дайыма чиновниктердин, саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин жаңы эстелик бюсттары менен толукталып турат. Алардын басымдуу бөлүгү заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнө таандык, алар: Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев жана Иманалы Айдарбеков.
Айдарбеков — советтик мамлекеттик ишмер, аны кыргыз автономиясынын пайда болушуна эң чоң салым кошкону үчүн көп учурда «биринчи кыргыз президенти» деп аташат. Ал манаптын үй-бүлөсүнөн чыккан, өз заманына ылайык орустардын жергиликтүү мектебинде, Пишпек айыл чарба мектебинде, Ташкент гидротехникалык окуу жайында билим алган. Ал революциялык идеяларды колдоп, Советтердин саясий карьералык тепкичинен тез эле көтөрүлгөн. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, өмүр баянын өзгөртүүгө туура келген, бир аз убакытка манаптын уулу кедей-дыйкандын уулу болгон. 10 жылга жетпеген убакыттын ичинде ал Жети-Суу облустук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы кызматына чейин жеткен. Бул кызматта Сыдыков, Арабаев, Орозбеков, Абдрахманов жана башка маданият, илим, саясат ишмерлери менен бирге Айдарбеков кыргыз элинин картада өз автономиясына ээ болушуна умтула баштаган, Москва менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 1924-жылдын июнь айында РКП(б) БК Орто Азияны улуттук мамлекеттерге бөлүү жөнүндө тарыхый чечим кабыл алган.







Ошол эле жылдын 21-октябрында азыркы Кыргызстандын аймагында РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу пайда болгон, бул расмий түрдө биринчи кыргыз мамлекети эле. Айдарбеков облусту 1925-жылдын мартына чейин жетектеп, премьер-министрдин да, мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысынын да милдетин аткарган. 1925-жылдын май айынан тарта автономия «Кара» деген сөзү жок, жөн гана Кыргыз АССРи деп атала баштаган. Мамлекеттик ишмер республиканын жыргалчылыгы үчүн көп жылдар бою эмгектенген. Ал Кыргыз АССРинин Эл чарбасынын Борбордук кеңешин, республиканын Башкы сотун жетектеп, жеңил өнөр жай эл комиссары жана соода эл комиссары болгон. Бирок 1935-жылы аны жалган жалаа менен коммунисттик партиянын катарынан чыгарып, саясатчынын тегин эстешкен. Кийинчерээк Айдарбеков камакка алынып, жашыруун оппозициялык сталинге каршы Социал-Туран партиясына таандык деген айып менен атылган. Анын башка тилектеш негиздөөчүлөрү да ушундай эле себептер менен репрессияланып, дарга асылган. Кийинчерээк, элүүнчү жылдары аларды реабилитациялоо процесси башталган.
2026-жылдын июнь айында Бишкектин борборунда негиздөөчү аталар менен байланышкан дагы бир мемориалдык объект пайда болду. «Old Bishkek» жер астындагы соода комплексинде Таалайбек Усубалиевдин колунан жаралган панно ачылды, анда Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана Абдыкадыр Орозбеков тартылган. Анда алардын жумуш үстүндө, Кыргызстандын келечектеги картасын калыптандырып жатышканын көрүүгө болот.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана тарыхы менен байланышкан тарыхый инсандардын эстеликтери шаардын борборунан алысыраак жерлерде да бар. Алсак, Бишкектин түштүк-батышында, Орок айылына жакын жерде Нүзүп Эсенбай уулунун (Нүзүп Аталык) эстелиги жайгашкан. Ал XIX кылымдагы кыргыздардын тарыхына Кокон хандыгында кыргыздардан биринчи болуп «миң башы» кызматын алган аскер башчы жана мамлекеттик ишмер катары кирген. Атап айтканда, ал Шералы ханды Кокондо тактыга отургузууда негизги роль ойногон. Нүзүп Аталыктын жашоосу тууралуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков өзүнүн «Сынган кылыч» тарыхый тетралогиясында баяндайт.

Айтматов проспектисинде сарыбагыш уруусунан чыккан, XIX кылымдагы кыргыз тарыхына кыргыз урууларынын башын бириктирген жана Кыргыз хандыгын түзгөн инсан катары кирген Ормон хандын эстелиги турат. Ормон Ниязбек уулу бугу уруусунан чыккан манаптын ээлигине кол салуу учурунда туткунга алынып, өлтүрүлгөнгө чейин хандыкты он эки жыл башкарган.

Бирок бул он эки жыл ичинде ал көп иштерди жасоого үлгүргөн: кыргыздардын арасында дыйканчылыкты жайылткан, элдин санжырасын жазуу үчүн уруулардын тарыхын чогулткан, хандыктагы балдар билим алуусу үчүн Ферганадан диний насаатчыларды алдырып келген. Ошондой эле Ормон хан хандыкта элдик башкаруу органдарын («Чоң Кеңеш» жана «Кичи Кеңеш») түзүп, «Ормон окуусу» декреттери аркылуу кыргыз мыйзамдарын жана каада-салттарын иретке келтирген, уурулук, зордук-зомбулук, киши өлтүрүү жана башка кылмыштар үчүн катаал жазаларды киргизген. Анын тушунда кыргыздар тарабынан кокондуктардын Пишпек чеби басып алынган, ал эми казактардын акыркы ханы Кенесары Касымовдун кошууну жеңилгенден кийин, кыргыз-казак ортосунда жер үчүн дээрлик жүз жылга созулган кагылышуулар токтогон. Ормон хан каза болгондон кийин Кыргыз хандыгы дагы он үч жыл жашап, 1867-жылдан баштап Орусияга өз ыктыяры менен кошулгандыгына байланыштуу жашоосун токтоткон.
Жаштар аллеясында XIX кылымдын белгилүү манабы, аскер башчысы жана дипломаты Шабдан баатырдын (Шабдан Жантай уулу) эстелиги орнотулган.

Өз кызматын Кокон хандыгында баштап, анда көрсөткөн эрдиги үчүн Түркстандын коменданты болуп дайындалган. Кийинчерээк ал аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууда өзүн таасирдүү ортомчу катары көрсөткөн, атап айтканда, Курманжан-датка менен болгон татаал сүйлөшүүлөргө көмөктөшкөн. Өз ишмердүүлүгү үчүн ал полковник наамына тең келген аскердик наамга ээ болгон. Шабдан баатыр социалдык чөйрөгө жана агартуу ишине чоң көңүл бурган. Ал өз каражатына Кеминде медресе ачып, Верныйдагы (Алматы) балдардын окуусун каржылаган, ошондой эле кыргыз тилинде окуткан мектептерди ачуу, жергиликтүү калктын жерге болгон укуктарын таануу жана алардын бийлик органдарында өкүлчүлүгүн камсыздоо боюнча расмий сунуштарды жөнөтүп турган. Мындан тышкары, анын жеке кийлигишүүсү менен өлүм жазасына кесилген жүздөн ашык мекендеши куткарылып калган.
Эгемендүү Кыргызстандын президенттеринин эстеликтери Бишкекте, дегеле өлкөдө азырынча жок. Бирок маанилүү саясий ишмерлердин элеси түбөлүккө калтырылган. Алсак, Эркиндик бульварында 2003-жылдан бери эгемендүү Кыргызстандын биринчи вице-президенти жана биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги бар.

Совет доорунда ал курулуштун катардагы жумушчусунан тартып Кыргыз ССРинин курулуш министрине чейин жеткен, ошондой эле Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана республиканын экономикасын рыноктук шарттарга өткөрүү менен алектенген, «Кумтөр» алтын кенин чет элдик компаниялардын иштетүүсүнө каршы чыккан. Исанов Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири болгон, бирок 1991-жылдын ноябрында Жалал-Абад — Ош унаа жолундагы автокырсыкта трагедиялуу түрдө каза болгон. Бул кырсык дагы деле Кыргызстандын тарыхындагы бүдөмүк барактардын бири бойдон калууда.

Эркиндик бульварында кездешүүчү дагы бир эстелик — советтик жана кыргыздык саясий ишмери Жумабек Ибраимовдун эстелиги. 90-жылдардын башында ал Бишкектин мэри болгон. Дал анын тушунда Бишкек Москва жана башка дүйнөлүк борборлор менен кызматташа баштаган, ал эми шаарда адамдар жаңы рыноктук шарттарга ыңгайлашуусу үчүн алгачкы жеке наабайканалар, нан цехтери, маршруткалар, кеңсе имараттары жана дүкөндөр пайда болгон. Ибраимов ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген, мамлекеттик катчы жана өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми 1998-жылдын декабряында Ибраимов Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган. Премьер-министр болуп иштеп турганда ал бийликтин жогорку эшелондорундагы коррупция тууралуу бир нече жолу ачык билдирген. Бирок бул кызматка дайындалгандан кийин жарым жылга жетпей, 1999-жылдын апрелинде онкологиялык оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Ибраимов, кесиптештеринин эскерүүсү боюнча, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин республиканын жыргалчылыгы үчүн эмгектенген. 2001-жылы Бишкекте ага эстелик орнотулган.

Эгер шаарды, шаардыктарды жана конокторду постаменттен карап турган президенттер жөнүндө айта турган болсок, Бишкекте заманбап түрк мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсү жана Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемаль Ататүрктүн эстелиги бар. Анын ысымын парк 1995-жылдан бери алып келет, буга чейин жашыл аймак дээрлик отуз жыл бою «Достук» маданият жана эс алуу паркы деп аталып келген.
Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусунда Кыргызстанга дос болгон мамлекеттин дагы бир маркум башчысынын бюсту турат. Ал жерде университет ысымын алып жүргөн Орусиянын президенти Борис Ельциндин элеси турат.
Алар бизге тынчтык, өмүр жана ден соолук тартуулашты
Бишкектеги эстеликтердин олуттуу бөлүгү кыргызстандыктар жана алардын ата-бабалары өмүрү үчүн карыздар болгон адамдарга: аскерлерге, куткаруучуларга, медиктерге коюлган. Биз буга чейин Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы менен байланышкан Бишкектин эстеликтери тууралуу айтып бергенбиз.

Ошондой эле шаардагы Юлиус Фучик атындагы паркта 1986-жылдын 26-апрелиндеги Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жойгондорго арналган мемориал бар. Атомдук энергетика тарыхындагы эң ири техногендик кырсыктын кесепеттерин жоюуга советтик Кыргызстандан 3 миңден ашык адам катышкан. Алардын баары радиациянын эбегейсиз зор дозасын алышкан. Кырсыктан 40 жыл өткөндөн кийин алардын 960ы гана тирүү, алардын көбү өнөкөт оорулардан жана майыптыктан жабыркап келишет.
Ататүрк атындагы паркта 1996-жылдан бери Ооганстанда курман болгон жоокерлердин элесине арналган мемориал жайгашкан. Ал жакка Кыргыз ССРинен советтик аскерлердин катарында 1979-жылдан 1989-жылга чейин 7 миңден ашык жоокер жөнөтүлгөн. Эрдиги үчүн Кыргызстандан барган 247 жоокер СССРдин жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланып, алардын экөө Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан. Советтик Кыргызстандан барган 300дөн ашык жоокер салгылашууларда жана алган жарааттарынан улам каза болгон.

Эгемендүү Кыргызстандын өз баатырлары жана коргоочулары бар. Кыргыздын артиллеристи, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Даир Асанов атындагы паркта өзүнчө аллея 2011-жылдан бери Кыргызстандын куткаруучуларына арналып, ал жерде ӨКМдин жоокерлерине эстелик орнотулган. Постаментте кызматтын «Коргоо. Сактоо. Жардам» деген урааны жазылган.

Кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон бардык ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын элесине Бишкекте «Даңк» мемориалы курулган. Ал Кыргызстандын Ички иштер министрлигиинин аймагында жайгашкан жана катардагы шаардыктар менен коноктор үчүн жабык.

Андан алыс эмес жерде, Ала-Тоо аянтынан бир квартал аралыкта, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин имаратынын жанында 2004-жылы баткенчи жоокерлерге эстелик орнотулган. 1999-жыл жана 2000-жылдары Кыргызстандын түштүгүнө «Өзбекстан ислам кыймылынын» согушкерлери кол салган. Баткен районунун (учурда Баткен облусу) аймагындагы согуштук аракеттер учурунда 46 кыргыз аскер кызматчысы курман болгон, тарыхтын бул барагы «Баткен окуялары» деп аталат.
Чек араны коргоодо курман болгон башка жоокерлердин элесине 2025-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагында мемориал ачкан. Акыркы салгылашууга даяр турган кыргыз жоокеринин жанында «Чептен эрдин күчү бек» деген сөз чегилип жазылган. «Ата-Бейит» Бишкектин четинде, анын борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул — репрессиянын курмандыктарына, 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларына, курман болгон чек арачыларга жана Мекен коргоочуларына арналган заманбап Кыргызстандын башкы улуттук тарыхый-мемориалдык пантеону. «Ата-Бейит» — республиканын мамлекеттүүлүгүнүн көптөгөн негиздөөчүлөрү да жерге берилген жай.

Медиктердин Кыргызстандын тарыхына кошкон салымы да шаардык чөйрөдө чагылдырылган. Алсак, 2012-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жанында скульптор Тургунбай Садыковдун колунан жаралган Мирсаид Миррахимовдун коло бюсту орнотулган. Миррахимов — залкар хирург, кыргыз кардиологиясынын негиздөөчүсү, ал эл аралык деңгээлде адамдын бийик тоолуу шарттарга ыңгайлашуусунун биологиялык-физиологиялык негиздерин иштеп чыгууга зор салым кошкон. Ал КРдин эмгек сиңирген дарыгери, КРдин илим жана техника боюнча эмгек сиңирген ишмери, Борбор Азия кардиологдор ассоциациясынын президенти, КМШ кардиологдор ассоциациясынын вице-президенти, ал эми кийинчерээк Нью-Йорк илимдер академиясынын мүчөсү болгон.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) башкы корпусунун жанындагы скверде 2021-жылдын күзүндө COVID-19 пандемиясында курман болгон Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин элесине арналган монумент ачылган. Бул «Башкаларга жарык чачып, өзүм күйөм» деген медициналык ураанды карманган 123 адам: дарыгерлер, студент-медиктер, орто медициналык кызматкерлер эле. Алардын урматына ушул ураан менен эстелик жарандардын өз ыктыяры менен берген каражаттарына курулган.

Ал эми 2026-жылдын май айында Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын жанында аял-хирург, профессор, академик Какиш Рыскулованын эстелиги пайда болду. Рыскулова — Борбор Азияда академик болгон биринчи аял-хирург, ал жүздөгөн өмүрлөрдү сактап калган жана өз тажрыйбасын Кыргызстанда жана чет жерлерде иштеп жаткан жүздөгөн хирургдарга өткөрүп берген. Ооруканага анын ысымы 2024-жылы берилген.

Елена Короткова