Кыргызстандыктар Орусиянын президентинен грант ала алышат«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салындыСанкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдүТурак үйдөн 188 миң сом уурдап кеткен. Шопоковдо 29 жаштагы шектүү кармалдыДөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу жаңы чуркоо тилкесине зыян келтирилдиКыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин карашууда
«Ала-Арча» жаратылыш паркында от жаккан жарандарга айып пул салынды
05.10.2026 | 13:19

«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын Кайың токоюнда от жаккан эки жаран аныкталып, айып пул салынды. От жагылганын аймакта жүргүзүлгөн рейд учурунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери байкап калышкан.
Токой аймагында от жагуу эрежелерин бузган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык эки протокол түзүлгөн. Ар бир жаранга 7 500 сомдон, жалпы 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Мындан тышкары, эс алуучуларга токой аймагында өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо жана белгиленбеген жерлерде от жакпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: экология