Санкциялык тобокелдиктери бар 16 компания боюнча материалдар сотко өткөрүлдү

05.10.2026 | 12:53
Материалы по 16 компаниям с санкционными рисками переданы в суд — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында комплаенс, ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча жумушчу кеңешме өттү. Ага мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

Санкциялык тобокелдиктерге кабылышы мүмкүн болгон 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн комплекстүү талдоонун жыйынтыгында алардын 16сы боюнча материалдар мыйзамда белгиленген тартипте жоюу маселесин кароо үчүн сотко өткөрүлдү. Калган компанияларга карата текшерүүлөр уланууда. Алардын жыйынтыгы боюнча мындан аркы чаралар аныкталат.

Кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору адамдарды жана компанияларды аныктоо, ошондой эле тиешелүү тизмени, башкача айтканда «кара тизмени» түзүү механизми да талкууланды. Бул боюнча чечим жакынкы күндөрү бекитилет. Планга ылайык, механизм мындай юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнө, алардын тышкы экономикалык операцияларына жана контрагенттерине көзөмөлдү күчөтүп, операциялар жүргүзүлгөнгө чейин санкциялык тобокелдиктерди алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле банктардын комплаенс жол-жоболорун күчөтүү боюнча иши өзүнчө каралды. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар бир катар компаниялар менен ишкердик мамилелерин токтоткон. «Элдик Банк» 126га жакын компаниянын эсептерин жапса, «АБанк» 100гө жакын компаниянын эсептерин жапкан.

Теги: санкции
Scroll to Top