Эксклюзив

Кыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталууда

28.09.2026 | 14:16
Кыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталууда — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинети салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Документте салык карыздарын жана айыптарды өндүрүү тартибинен тартып, салыктык көзөмөл, отчеттуулук, ККМ, бирдиктүү салык жана «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы үчүн өзгөчө салык режимин киргизүүгө чейин кеңири өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам долбоорундагы өзүнчө чоң блок «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагына (АФИА) тиешелүү. Ал үчүн өлкөдөгү жалпы салык салуу эрежелеринен айырмаланган өзгөчө салык режимин белгилөө сунушталууда. Атап айтканда, долбоор АФИАнын субъекттери үчүн бир катар салыктык бошотууларды, КНС, сатуудан алынуучу салык жана киреше салыгы боюнча өзгөчө эрежелерди, ошондой эле «Тамчы» аймагына товарларды алып кирүүдө жана ал жактан алып чыгууда өзүнчө салык салуу тартибин карайт. Башкача айтканда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү «Тамчы» АФИАсынын атайын салык режиминин иштөө механизмин Салык кодексинде бекитүү үчүн зарыл.

Долбоорду иштеп чыккандар өзгөртүүлөр салык мыйзамдарын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунушталып жатканын белгилешет.

Ишкерлер үчүн эмне өзгөрөт

Маанилүү сунуштардын бири жеке ишкердин ишмердигин токтотуу тартибине байланыштуу. Учурда мүлк салыгы боюнча карыз жеке ишкердин салыктык каттоосун жокко чыгарууга тоскоолдук кылат. Мыйзам долбоорунда бул чектөөнү алып салуу сунушталууда: жеке ишкер мүлк салыгы боюнча карызы болсо да каттоосун токтото алат. Бирок карыз жоюлбайт — салык органдары аны кийин жеке жактан өндүрүп ала алышат.

Ошондой эле бизнесте колдонулган фискалдык программалык камсыздоого карата салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталууда. Салык төлөөчүлөр салык кызматынын кызмат адамдарына фискалдык программалык камсыздоого жана анда камтылган, салыктык көзөмөл жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарга жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттүү болот. Салык органдарына мындай маалыматтарды көрүү, алуу жана чыгарып алуу укугун берүү каралган.

Өзүнчө өзгөртүүлөр салык агенттерине тиешелүү. Салык салынбаган, анын ичинде салыктан бошотулган кирешелер төлөнгөн ай үчүн да отчет берүү талап кылынат. Иштеп чыгуучулардын пикиринде, учурда мындай төлөмдөр боюнча түз талаптын жоктугу норманы ар кандай чечмелөөгө алып келүүдө.

Чек бербегендиги үчүн жоопкерчиликти жөнөкөйлөтүү сунушталууда

Контролдук-кассалык чекти басып чыгарбоо же бербөө үчүн жоопкерчилик механизми өзгөртүлөт.

Учурда мыйзамда бир жыл ичинде укук бузуу кайталанган учур жана жаза чарасы колдонулгандан кийин мындай жосун бир нече жолу жасалган учур өз-өзүнчө жөнгө салынат. Иштеп чыгуучулар мындай айырмачылык норманы колдонууда түшүнүксүздүктү жаратып, ар кандай чечмелөөгө алып келип жатканын белгилешет.

Ошондуктан нормалардын бирин алып салып, укук бузуу кайталанган учурда жоопкерчиликтин бирдиктүү жана түшүнүктүү тартибин белгилөө сунушталууда.

Декларация боюнча жоопкерчилик көбүрөөк адамдарга жайылтылат

Дагы бир өзгөртүү Бирдиктүү салык декларациясына байланыштуу.

Учурда Укук бузуулар жөнүндө кодексте декларацияны бербөө же талаптагыдай эмес берүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилиги каралган. Бирок Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу милдети башка айрым жеке жактарга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына да тиешелүү.

Мыйзам долбоорунда жоопкерчиликти ушул адамдарга да жайылтуу сунушталууда. Декларацияны өз убагында бербегендерге 30 эсептик көрсөткүч, туура эмес же толук эмес маалымат бергендерге 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу каралган. Ал эми мыйзам бузуу кайталанса же жаза чарасы колдонулгандан кийин бузуу жоюлбаса, айып 100 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Ири салык карызы боюнча мамиле өзгөрөт

Олуттуу өзгөртүүлөрдүн бири салык карызы кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө маселе жарала турган өлчөмгө жеткен учурларга тиешелүү.

Учурда салык органдарынын сотко чейинки өндүрүштү баштоо милдети көчмө текшерүүнүн жыйынтыгында пайда болгон карызга байланышкан. Иштеп чыгуучулар муну укуктук боштук деп эсептешет, анткени ири өлчөмдөгү карыз камералдык көзөмөлдүн жүрүшүндө да аныкталышы же салык төлөөчү өзү тарабынан декларацияланышы мүмкүн.

Долбоордо бул талапты көчмө текшерүүгө гана байланыштырууну алып салуу сунушталууда. Натыйжада мыйзамда белгиленген чектен ашкан, таанылган салык карызына карата тиешелүү чаралар анын кайсы салыктык көзөмөлдүн формасында аныкталганына карабастан колдонулушу мүмкүн.

Каза болгон адамдын салык карызын мураскерлерден өндүрбөө сунушталууда

Дагы бир маанилүү өзгөртүү каза болгон адамдын салык карызына байланыштуу.

Иштеп чыгуучулар мындай карыздарды эсептен чыгаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, укук мураскерлиги тууралуу шартты алып салууну сунушташууда. Жарандын каза болгондугу расмий ырасталгандан кийин мураскерлерди жана мураска өтүп жаткан мүлктүн көлөмүн аныктоо боюнча узак жол-жоболордон өтпөстөн салык милдеттенмесин токтотууга мүмкүн болот.

Негиздеме-маалымкатта бул мураска кирүү мезгилинде мураскерлерди кошумча финансылык жүктөн бошотууга мүмкүндүк берери белгиленген.

Өндүрүүгө мүмкүн болбогон салык карыздары үчүн «виртуалдык архив» киргизилет

Өндүрүп алуу иш жүзүндө мүмкүн болбогон салык карыздары менен иштөөнүн жаңы механизми — архивдик же виртуалдык эсепке алуу сунушталууда.

Мындай карыздар салык төлөөчүнүн активдүү жеке эсебинен убактылуу чыгарылып, салык кызматынын маалыматтык системасында атайын режимге өткөрүлөт. Бул мезгилде салыктык тескөө жана мажбурлап өндүрүү чаралары токтотулат.

Эгер мыйзамда каралган негиздер пайда болсо, карыз кайра калыбына келтирилиши мүмкүн. Эгер белгиленген мөөнөт ичинде андай негиздер жаралбаса, карыз автоматтык түрдө биротоло эсептен чыгарылат.

«Архивдик (виртуалдык) эсепке алуу» түшүнүгүнүн өзү Салык кодексине киргизилет.

Туум эсептөө тартиби такталат

Мыйзам долбоору туум эсептөөдө талаш жаратып келген бир катар жагдайларды жөнгө салууну көздөйт.

Атап айтканда, Бирдиктүү салык эсеби аркылуу акча которууда салык милдеттенмеси аткарылган күндү эске алуу сунушталууда. Ошондой эле салык төлөөчү бир салыктын ордуна жаңылыштык менен башка салыкты төлөп алган учур жөнгө салынат. Мындай учурда салык кызматы жаңылыш төлөнгөн сумманы тиешелүү салык карызын жабууга эсепке алуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин туум эсептелбеши керек.

Ошол эле учурда такталган салык отчетун берүүдө жеңилдетилген режимди колдонуу эрежелери өзгөрөт. Мындай тартипти тиешелүү салык мезгили үчүн биринчи жолу берилген такталган отчетко гана колдонуу сунушталууда. Мындан тышкары, алгачкы салык отчету мыйзамда белгиленген мөөнөттө берилген болушу керек.

Өзгөртүүлөр электрондук соодага жана санариптик платформаларга да тиешелүү

Салык кодексине санариптик платформалардын өнүгүшүнө байланыштуу электрондук кызматтардын жаңы түрлөрүн киргизүү сунушталууда.

Алардын арасында колдонуучулардын контентин колдоо жана төлөө үчүн колдонулган санариптик же виртуалдык бирдиктер, токендер, баллдар жана башка платформанын ичиндеги каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялар бар.

Мындан тышкары, контролдук-кассалык чек түшүнүгү такталып, тобокелдиктерди башкаруу системасы, товарсыз берүүлөр, товарлардын келип чыгуу булагы, архивдик эсепке алуу жана салык сервистеринин оператору сыяктуу жаңы түшүнүктөр киргизилет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт

Дагы бир өзгөртүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товар экспорттоого байланыштуу.

Эгер экспорт белгиленген тартипте ырасталбаса, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мындай учурларда сатуудан алынуучу салыкты 2 пайыз өлчөмүндө эсептөөгө мүмкүндүк берет. Бул негиздеме-маалымкатта өзүнчө көрсөтүлгөн.

Бирдиктүү салык жана патент боюнча өзгөртүүлөр

Мыйзам долбоорунда атайын салык режимдерине байланыштуу өзүнчө өзгөртүүлөр каралган.

Атап айтканда, электромобилдердин аккумулятордук батареяларын кубаттоо менен алектенген ишкерлерди бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөтүлгөн салык системасын колдоно ала турган субъекттердин катарына киргизүү сунушталууда. Иштеп чыгуучулар муну кубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүү жана мындай бизнеске административдик жана салыктык жүктү азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрүшөт.

Ошондой эле соода тармагындагы ишкерлер белгиленген талаптарды бузган учурда бирдиктүү салыктын жогорулатылган ставкасына өтүү тартиби такталат. Башка ставка колдонуу милдети тиешелүү мыйзам бузуу аныкталган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пайда болушу керек.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарында турак эмес жайларды ижарага берген айрым жеке жактар үчүн патенттик режимди колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталууда.

Мындан тышкары, соода жүргүзүүдө патенттик режимден ыктыярдуу түрдө чыгуу тартиби белгиленет.

Жаңылыштык менен ашыкча төлөнгөн туруктуу салыкты кайтарууга мүмкүн болот

Долбоор дагы бир практикалык маселени чечүүнү сунуштайт.

Учурда төлөнгөн салыктын туруктуу суммасы кайтарылбайт. Мунун айынан салык төлөөчү жаңылыштык менен белгиленген милдеттенмеден ашыкча төлөп алган сумманы да кайтарып ала албайт.

Иштеп чыгуучулар мисал келтиришет: эгер салык 42 миң сом болсо, ал эми ишкер жаңылыштык менен 50 миң сом төлөсө, 8 миң сом ашыкча төлөнгөн сумма катары эсептелиши керек. Аны кайтарып берүүгө же келечектеги салык милдеттенмелеринин эсебине чегерүүгө мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда.

Өзүнчө чоң блок «Тамчы» АФИАсына арналган

Мыйзам долбоорунун олуттуу бөлүгү «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагына байланыштуу.

Долбоор бул аймак үчүн өзгөчө салык режимин түзүүнү карайт.

Атап айтканда, «Тамчы» АФИАсынын аймагынан Кыргызстандын калган аймагына товарларды алып кирүүнү импорт катары кароо сунушталууда. АФИАнын инвестициялык резиденти деген атайын макам жеке жакты Кыргызстандын салык резиденти катары таанууга да негиз болот.

АФИАнын субъекттери үчүн салыктык каттоонун жана көзөмөлдүн өзгөчө тартиби сунушталууда.

Аймактын субъекттерин Бирдиктүү салык декларациясын жана башка салык отчетторун тапшыруудан бошотуу каралган. Ошондой эле Салык кодексинде түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, аларга карата салыктык көзөмөл жүргүзбөө сунушталууда.

«Тамчы» АФИАсынын аймагында киреше алган жеке жактарды, анын ичинде аймактын субъекттеринде жалданып иштеген адамдарды киреше салыгынан бошотуу сунушталат.

АФИАнын субъекттерине товарларды берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү КНСтен, ал эми тиешелүү операциялар сатуудан алынуучу салыктан бошотулушу сунушталууда.

«Тамчы» АФИАсынын субъекттерин белгиленген талаптарды сактоо менен ушул аймактагы ишмердигинин алкагында салыктардын бардык түрлөрүнөн бошотуу каралган. Ошол эле учурда алар салык агентинин милдеттерин аткарышпайт.

Бирок атайын режим «Тамчы» АФИАсынын ичиндеги ишмердикке гана жайылтылат. Атайын режимдин алкагында анын субъекттерине Кыргызстандын калган аймагында экономикалык иш жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Эгер товар «Тамчы» АФИАсынын аймагынан өлкөнүн калган аймагына чыгарылса, мындай алып кирүүгө импорттук КНС салуу каралган.

Айрым тармактар үчүн убактылуу жеңилдиктер каралган

Документтерде бизнести колдоого багытталган убактылуу чаралар да бар.

Атап айтканда, 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин тигүү жана текстиль тармагындагы айрым субъекттерди, ошондой эле товарларын электрондук соода аянтчалары аркылуу саткан ишкерлерди бирдиктүү салык төлөөдөн бошотуу сунушталууда. Негиздеме-маалымкатта бул чара ири логистикалык борборлордун ишиндеги үзгүлтүктөр жана өндүрүштү, экспортту, жумуш орундарын жана электрондук сооданы колдоо зарылдыгы менен түшүндүрүлөт.

Мындан тышкары, жөнөкөйлөтүлгөн салык системасында иштеп, жалпы салык режимине өтүүнү каалаган салык төлөөчүлөргө тиешелүү арызды убактылуу берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Документтерде бул өзгөртүү, анын ичинде ШКУ саммитине даярдыктын алкагында Бишкек — «Манас» эл аралык аэропорту автожолунун курулушуна байланыштуу экени көрсөтүлгөн.

Дагы эмнелер өзгөрөт

Мыйзам долбоорунда техникалык мүнөздөгү дагы көптөгөн өзгөртүүлөр камтылган. Алар эсеп-фактуралар жана салык сыры, салыктык каттоо жана отчеттуулук, салыктык көзөмөл, айыптарды өндүрүү тартиби, жер салыгы, социалдык жактан аярлуу айрым категориялар үчүн жеңилдиктер, банкроттук жана ишканалардын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболору, ошондой эле товарлардын эсебин жүргүзүү жана алардын келип чыгышын ырастоо эрежелерине тиешелүү.

Мындан тышкары, айыптарды өндүрүүнү көзөмөлдөө милдетин жалпы салык кызматына жүктөөнүн ордуна, укук бузуу жөнүндө токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органга берүү сунушталууда. Учурда мындай көзөмөл салык органдарына жүктөлгөн.

Мыйзам долбоору Салык кодексин гана эмес, Жарандык процесстик кодексти, Укук бузуулар жөнүндө кодексти, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексти жана башка тиешелүү ченемдерди да камтыйт. Мисалы, Жарандык процесстик кодекстеги аткарууну кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө жөнүндө берененин колдонулушун салык органдарынын аткаруу документтерине да жайылтуу сунушталууда.

Долбоор коомдук талкуудан өткөн. Негиздеме-маалымкатка ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Жалпысынан мыйзам долбоору салык мыйзамдарын кеңири өзгөртүүнү карайт — салыктык көзөмөл, отчеттуулук, айыптар жана карыздарды өндүрүү эрежелеринен тартып, атайын салык режимдерине жана жеңилдиктерге чейин. Өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү жарандар жана бизнес үчүн айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, экинчи бөлүгү салыктык тескөөнү күчөтүүгө жана колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жоюуга багытталган. Өзүнчө чоң блок «Тамчы» АФИАсынын салыктык механизмин түзүүгө байланыштуу. Ошол эле учурда бул нормалар азырынча сунуш гана болуп саналат — мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралышы керек.

Scroll to Top