Ала-Тоо аянтында массалык мушташ болду — видео

Ала-Тоо аянтында массалык мушташ болду — видео

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге комментарий берип, кечээ, 27-апрелде саат 22: 44тө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына Ала-Тоо аянтындагы мушташ тууралуу билдирүү келип түшкөнүн билдирди.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 2000-жылы туулган А.А., аттуу жаранды табышкан, кийин ал «103» кызматына өткөрүп берилген. Анын «баш мээси чайкалган» деген диагноз менен Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факт Биринчи Май РИИБнин каттоосуна алынып, «бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда мушташтын катышуучуларынын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>