Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Алагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар жетишсиз экенин билдирди
15.09.2024 | 14:34
Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык тигүүчүлөр менен куруучуларды мекенине келип иштөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Алагөзов Кыргызстанда текстиль жана курулуш тармагында жумушчу күчү жетишсиз экенин белгиледи.
«Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот. Эң башкысы өз мекенинде үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи» – деп жазган.
Алагөзов ошондой эле жумушсуз жарандарга жумушка орношуу үчүн Социалдык эмгек министрлигинин ишеним телефонунун номерин калтырган: 1899 (Кыргызстан боюнча чалуулар үчүн); 0559189900 (WhatsApp).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар