Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Аламүдүндө жайытты унаа менен тебелеген жарандарга айып пул салынды
22.06.2026 | 11:03

Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагындагы жайыт жерлерге унаа жана эндуро мотоциклдери менен кирип, тебелеген жарандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Эреже бузуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ак-Таш жайлоосунда жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталган. Жайыт тебелегендерге Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 7 протокол түзүлүп, жалпы 38 миң 500 сом айып пул салынган.
Ошондой эле алардын унаалары жайыт аймагынан чыгарылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Чүй