27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө төрт күн жаратылыш газы берилбейт
22.06.2026 | 11:39

Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү бир нече көчөдө 23-июндан 26-июнга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. «Бишкекгаз» кызматынын маалыматында, өчүрүү газ өткөргүчтөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу болот.
Газ өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Жукеев-Пудовкин, Токомбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Безымянная көчөлөрү.
Мекеменин маалыматы боюнча, оңдоо иштери жаратылыш газын коопсуз берүүнү камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. «Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарга энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом