Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Аламүдүн районунда түндө кызды тоноп кеткен жаран колго түштү
30.05.2022 | 10:43
Аламүдүн районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2022-жылдын 23-май күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адам күч колдонуп, анын телефонун тартып алып, качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1999-жылы туулган А.А. кармалган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүүлөр уланууда.
