Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга 2022-жылы декабрда аял киши арыз менен кайрылып, андан акча алып алдап кеткен аялды кармоону суранган. Ал билдиргендей, 2018-жылы бир аял Сокулуктан эки жер тилкесин алып берем деп 4 миң доллар алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында арадан эки жыл өткөндөн кийин шектүү катары 58 жаштагы А.Н. аттуу аял кармалган.
Учурда анын башка алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүүдө. Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(509) 09 01 31, 0(551) 33 33 39 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.