Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Өзгөндөгү трагедия: жигит мурдагы классташын бычактап өлтүрдү
17.06.2026 | 10:32
Ош облусунун Өзгөн районунда 21 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды, деп билдирет Ош облустук Ички иштер башкармалыгы (ИИБ).

Мекеменин маалыматы боюнча, жигиттин каза болгондугу тууралуу маалымат милицияга саат 23:30 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге облустук жана райондук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилиги, ошондой эле тергөө-ыкчам тобу барган.
«Саат 23:00 чамасында маркум менен анын мурдагы классташы, 22 жаштагы Т.Р. аттуу жарандын ортосунда кайым айтышуу чыккан. Жанжалдын жүрүшүндө шектүү маектешинин көкүрөк тушуна учтуу нерсе менен эки жолу сайып, андан соң из жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
«Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.