2023-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 6-бөлүгү (эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси) төмөнкү беренелер менен толукталды:
– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);
– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);
– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);
– 336-беренеси менен (Коррупция).
Жаңы өзгөрүүлөр боюнча «Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси) келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун мөөнөтү эскирген учурда дагы ишти токтотууга жол берилбейт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз