Акын жана агартуучуларга Жогорку Кеңештин сыйлыгы тапшырылды

Акын жана агартуучуларга Жогорку Кеңештин сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, депутат Айбек Маткеримов билим берүү, маданият тармагын, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө «Жогорку Кеңешке 85 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Сыйлыктар акын, жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев, кыргыз тили жана адабиятчы мугалим Угилкан Орманова жана Кадыр Мамырасуловго берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>