Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөт

20.10.2026 | 12:47
Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөт — Новости Кыргызстана

23-октябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү ачылат. Экспозиция 8-ноябрга чейин уланат.

Виктор Шестопал 1936-жылы 1-октябрда туулган. Одесса мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын жана Ташкент театр жана көркөм сүрөт институтун аяктаган. 1965-жылдан бери Кыргызстанда жашап, эмгектенет. 1970-жылдан тартып СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Көп жылдар бою Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайында, Кыргыз политехникалык институтунда жана Кыргыз-Орус Славян университетинде сабак берген. Ал III даражадагы «Манас» ордени жана Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси.

Скульптор Курманжан датканын, А.С. Пушкиндин, К.И. Скрябиндин эстеликтеринин автору, ошондой эле Киров суу сактагычын көркөм жасалгалоо иштерин аткарган. Мындан тышкары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин авторлорунун бири болгон.

Көргөзмөгө автордун мурдагы жана соңку жылдардагы эмгектери коюлат. Алардын катарында «Согуш балдары», «Эне», «Ата», «Оо, Жараткан, бул жерге тынчтык бер», «Муундардын кыялы» чыгармалары жана Л. Толстой, А. Ахматова, Ф. Достоевский, Ч. Айтматовдун рельефтик портреттери бар.

Scroll to Top