Садыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 20-октябрда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТҮРКПА) мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте Ассамблея кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү.
Мамлекет башчысы бул жолугушууну өлкөлөр ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин далили катары баалап, Кыргызстандын ТҮРКПАнын алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Анын айтымында, Ассамблея мамлекеттер ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган.
Парламент спикерлери Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөдө Кыргызстандын маанилүү ролун белгилешти. Ошондой эле алар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө, интеграциялык процесстерди колдоодо жана кызматташтыкты кеңейтүүдө ТҮРКПАнын маанисин баса белгилешти. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды бекемдөөгө, жалпы баалуулуктарды жана түрк элдеринин улуттук өзгөчөлүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду.