Тогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү

20.10.2026 | 13:25
Тогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү — Новости Кыргызстана

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары 685,4 млрд сомдук продукция өндүрдү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таянып, Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өндүрүш тармактарында катталган өсүштүн көрсөткүчү төмөндөгүдөй болгон:

  • химиялык продукциялар — 2,3 эсеге;
  • тазаланган мунай продукциялары — 1,9 эсеге;
  • жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия — 41,3%га;
  • транспорт каражаттары — 39,4%га;
  • курулуш материалдары — 29,1%га;
  • фармацевтикалык продукциялар — 13,6%га;
  • тамак-аш жана тамеки продукциялары — 9,4%га;
  • пайдалуу кендерди казуу — 7,3%га.

Ошондой эле суу менен жабдуу, тазалоо жана калдыктарды иштетүү багыты 19,6%га, ал эми электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 3,1%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда өлкөдө негизги металлдарды өндүрүү 1,7%га азайган. Министрлик бул Кумтөр кенинде алтындын курамы төмөн болгон зонаны өздөштүрүүгө жана өндүрүш көлөмүнүн пландуу төмөндөшүнө байланыштуу болгонун билдирди.

Scroll to Top