Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев кызматтан алынды. Маалыматты Reporter.kg`ге Орозалиев өзү тастыктады.
Маалыматка караганда, анын ордуна Ысык-Көл ОИИБдин мурдагы жетекчиси Октябрь Урманбетов дайындалган.
Буга чейин ички иштер министринин дагы бир орун басары Памир Асанов кызматтан алынып, ордуна Эркебек Аширходжаев келген.