Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Эмки жылдан тарта башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашына 40 сомдон бөлүнөт
11.06.2026 | 11:37

2027-жылдын 1-январынан баштап мектептеги бир окуучунун бир күндүк тамак-ашын каржылоо 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди өлкө башчы Садыр Жапаров кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусуна республикалык бюджеттен күнүнө 14 сомдон бөлүнүп келет. Каржылоонун көбөйтүлүшү окуучулардын рационуна эт, балык жана сүт азыктарын кошууга, жашылча-жемиштердин түрүн көбөйтүүгө жана тамактануунун тең салмактуулугун камсыз кылууга шарт түзөт.
Ошондой эле бул чара өлкө аймактарындагы мектеп тамак-ашын уюштуруудагы айырмачылыктарды азайтуу жана ата-энелердин каржылык жүгүн жеңилдетүү максатын көздөй турганы айтылды.
Теги: мектеп