Иран феномени: Кыргызстан эмнени үйрөнүшү керек — эксперт

08.06.2026 | 18:27
Эксперт по вопросам нацбезопасности Таалайбек Джумадылов

Биз азыр Ормуз кысыгынын жана Ирандын тегерегинде болуп жаткан бардык окуяларды аңдап-түшүнүү процессинде жашап жатабыз. Бул окуялар 28-февралда эле башталган жок — алардын абдан узак тарыхы бар. Бул тууралуу коопсуздук маселелери боюнча эксперт Таалайбек Жумадылов билдирди.

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте эл аралык кырдаалга жана анын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасирине арналган «Каршылык көрсөтүү идеяларынын уландысы жана адилеттүү дүйнөлүк тартип: эмне үчүн АКШ жана Израиль Иранга каршы согушта жеңилди» аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып, ал баса белгилегендей, негизинен, азыр бүткүл дүйнө туруктуулуктун, эрктин, идеянын, ишенимдин жана өлкө жетекчилигине болгон ишенимдин аркасында калыптанган иран феномени жөнүндө сөз кыла алат.

«Эгерде окуяларга улуттук коопсуздукту камсыз кылуу көз карашынан карай турган болсок, анда Ирандын жүрүм-туруму, өлкөнүн учурдагы дүйнөлүк тартипке чакырык таштаганы — республика бүгүнкү күндө зыянга учурабоо үчүн адекваттуу, такталган жана алдын алуучу чараларды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун ачык мисалы болуп саналат. Батыш дүйнөсүнүн бүгүнкү күндөгү лидери — Трамп — өзүнө мүнөздүү болгон жөнөкөйлүгү менен, алар Иранды цивилизация катары жок кылуу максатын көздөп жатканын түз эле билдирди», — деп эске салды эксперт.

Жумадыловдун пикиринде, АКШнын жана анын Батыш Азия аймагындагы өнөктөшү Израилдин экономикалык, финансылык-банктык жана аскердик үстөмдүгүнө карабастан, Иран бул чакырыкка татыктуу жооп бере алды.

Ал түшүндүргөндөй, Ирандын тарыхын изилдөө көрсөтүп турат: 70 жылдан ашык убакыт мурун ИИРдин (Иран Ислам Республикасынын) жогорку руханий жетекчилиги, эксперттер жана элита учурдагы бир уюлдуу дүйнөлүк тартип өлкө үчүн кабыл алынгыс экенин түшүнүшкөн. Ошого жараша, анын айтымында, мамлекеттин цивилизациялык өнүгүүсүнө зыян келтире турган тобокелдиктер алдын ала бааланып, коркунучтар аныкталган.

Жумадыловдун пикиринде, башында аймактык болуп көрүнгөн бул кагылышуу бүгүнкү күндө цивилизациялар аралык кагылышууга чейин жетип, глобалдуураак геосаясий, геоэкономикалык жана геостратегиялык деңгээлге чыкты.

«Менимче, бул күрөштө сиздер (ирандыктарга кайрылып - ред.), албетте, бүгүнкү күндө жеңишке жетип жатасыздар. Алтын да, акча да, финансылык-банктык система да, бир уюлдуу дүйнөлүк тартипти кармап турууга мүмкүндүк берген доллар да, аскердик-өнөр жай комплекси да, технологиялык жетишкендиктер да рухтун жана белгилүү бир жүрүм-турум кодексинин алдында чечүүчү мааниге ээ эмес экенин бүткүл дүйнөгө көрсөтүп жатасыздар. Эгерде өлкө ичинде биримдик (консолидация) жана эл менен диалог сыяктуу эки маанилүү фактор болсо, рух алтынды да, болотту да жеңет», — деп эсептейт Жумадылов.

Эксперт белгилегендей, Ирандын лидерлеринин жүрүм-туруму, жашоо образы, ал тургай өлүмгө болгон мамилеси алардын аскеттик (жөнөкөй) жашоо образын өткөрүп, дайыма эл менен бирге болгонун көрсөтүп турат.

«Алардын эч бири, башка элиталардан, анын ичинде биздин аймактагылардан айырмаланып, байлык жыйноону, таасир топтоону, учактарды, яхталарды сатып алууну, банктык эсептерди ачууну, балдарын Батышта окутууну максат кылбайт. Мунун баары тарыхта калууга салыштырмалуу эч нерсе эмес. Бул жагынан алганда Иран үлгү болуп саналат. Ошондой эле бул кырдаалда биз эмне кылышыбыз керек деген суроого да жооп бергим келет. Менимче, бул изилдөөгө жана терең талдоого татыктуу феномен. Аскердик тил менен айтканда, биз баары бир негизги нерселерди (матчасть) — Иранга тиешелүү бардык маалыматтарды үйрөнүп, бул тажрыйбадан сабак алышыбыз керек», — деп кошумчалады Жумадылов.

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунарын эске алганда, Ирандын мамлекеттик түзүлүшү, эксперттин пикиринде, конституциянын түзүлүшү, мамлекеттик түзүлүштүн негиздери жана экономикалык саясат жагынан изилдөөгө татыктуу.

«Батыштык цивилизациянын өнүгүү модели соңуна чыгып баратканын моюнга алуу керек жана жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда. Аскер адамы экенимди эске алып, түз эле айтайын: эки жүздүүлүк, калп, цинизм, чыккынчылык — бул мындай дүйнөлүк тартиптин 500 жылдан ашык убакыт бою жашап келишине шарт түзгөн сапаттар. Бул кара күчтөрдүн доору өттү, эми таптакыр башка идеология келиши керек», — деп эсептейт эксперт.

Жумадылов Борбордук Азия мамлекеттеринин элиталары жана жетекчилери болуп жаткан процесстерге кылдат байкоо салып, тиешелүү тажрыйба алышы керектигин белгилейт.

«Геосаясат, география жана тарых көз карашынан алганда Борбордук Азия аймагында башка жол да жок, анткени Кытайдын «Бир алкак — бир жол» геоэкономикалык долбоору да, Россия Федерациясы илгерилетип жаткан евразиялык долбоор да, Түндүк — Түштүк жана Батыш — Чыгыш логистикалык каттамдары да Иранды кыйгап өтүп толук кандуу өнүгө албайт.
Ал эми биздин республика логистикалык жана географиялык туңгуюк (тупик) абалда турганын эске алсак, океанга чыгуучу эң кыска жол — Иран аркылуу өтөт», — деп баса белгиледи Жумадылов.

Эксперт Кыргызстан республикадан кыйла күчтүү болгон ири оюнчулардын кызыкчылыктары кайчылашкан жерде жайгашканын, ошондуктан өлкө үчүн тышкы чакырыктарга жооп кайтаруу боюнча Ирандын тажрыйбасын изилдөө өтө маанилүү экенин эске салды.

Анара Мамытова

Scroll to Top