Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Кыргызстан менен Палестинанын футбол курамалары Бишкекте эки беттеш өткөрөт
06.06.2026 | 11:00

Бүгүн, 6-июнда жана 9-июнда Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын жана Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосунда эки эл аралык жолдоштук беттеш өтөт. Оюндар ФИФАнын июнь айындагы күндөрүнүн алкагында уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.
Беттештердин алдында Министрлер кабинетинин төрагасы жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев улуттук кураманын оюнчулары жана машыктыруучулар штабы менен жолугушкан. Ал спортчуларга ийгилик каалап, команданын кесипкөйлүгүнө жана эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргой тургандыгына ишеним билдирген.
Эске салсак, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев ушул жылдын 12-майында Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти болуп шайланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Адылбек Касымалиев, КФБ