ИИМ бишкектиктерди 30–31-август күндөрү коомдук транспортту колдонууга чакырды

24.08.2026 | 10:46
ИИМ бишкектиктерди 30–31-август күндөрү коомдук транспортту колдонууга чакырды — Новости Кыргызстана

Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш күндөрүндө унаалардын агымы көбөйөрү күтүлүүдө жана кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Буга байланыштуу, Кыргызстандын ИИМи VI ДКОнун салтанаттуу ачылышына карата Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна 30–31-августта мүмкүн болушунча жеке унаалардан баш тартып, коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

ИИМ жол каттамдарын алдын ала пландаштырууну эскертет. Көрүүчүлөрдү «Бишкек Аренага» ташуу үчүн шаардын ар кайсы аймактарындагы 21 чекиттен атайын шаттл-бастар (автобустар) каттайт.

Шаттл-бастардын жөнөй турган жерлери, каттамдары жана кыймылы тууралуу маалыматты «Менин шаарым» (Мой город) мобилдик тиркемесинен алууга болот.

Мекеме жеке унаадан баш тартуу шаар жолдорундагы күч келүүнү жана тыгындардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтууга шарт түзөрүн белгилейт. Борбор калаанын тургундарын жана конокторун жол жүрүүнүн эң ыңгайлуу ыкмасын алдын ала тандап алууга чакырышты.

Шаттл-бастар жөнөй турган жерлер:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурунку Батыш автобекети);
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 («Асанбай» кичи району);
  5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 («Аламүдүн-1» кичи району);
  7. «Түнгуч» кинотеатры, 64/1 («Түнгуч» кичи району);
  8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
  9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурунку Чыгыш автобекети);
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши («Көк-Жар» конушу);
  11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
  12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 («Глобус»);
  13. Эркиндик бульвары, 1А (темир жол бекети);
  14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  16. Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЭПО-2);
  17. Юлиус Фучик көчөсү, 6 (ДЭПО-1);
  18. Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
  19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 («Ала-Тоо» конушу);
  21. Тыналиев көчөсү, 16.

Scroll to Top