Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» партиясы — системаны вирустан тазалаган вакцина

Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» партиясы — системаны вирустан тазалаган вакцина

Бишкекте «Бир Бол» саясий партиясынын IX кезексиз Съезди өтүүдө. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жана меймандар катышууда.

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановго партияда амбициялуу максаттарды ишке ашыра алган, чет өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайларынан билим алып, мен-мен деген ири компанияларда тажрыйба топтоп, Кыргызстанга кантип инвестиция тартуунун жолдорун билген, инновациялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыра алган команда бар экенин баса белгиледи.

«Бир Бол» — бул шайлоолор үчүн эле түзүлгөн партия эмес, ар кандай саясий күчтөрдүн кыска мөөнөттүү альянсы эмес. Бул бутуна бекем турган жаңы түрдөгү жана саясатка узак убакытка аттанган саясий кыймыл», — деди Алтынбек Сулайманов.

Саясатчы өлкөдө өзгөрүүлөрдү жасап, ийгиликке жетишүү, бурулуш жасоого даяр топтун эркине жана жаш реформаторлордун тайманбас аракетине байланыштуу экенин айтты.

«Добуш — бул сатылчу товар эмес! Сиздин добуш, саткын саясатчылар сунуштаган суммадай арзан эмес, баа жеткис деп айтат элем. Сиздин добушуңуз мекенибиздин келечегин аныктайт», — деп билдирди партия лидери.

Сулайманов бүгүн бүткүл дүйнө коронавируска каршы вакцина күтүп жатканын айтып, Кыргызстандын бардык тармагын вирус каптаганын белгиледи.

«Сабатсыздык жана коррупция вирусуна, трайбализм жана аймак аралык бөлүнүп-жарылуу вирустарына каршы вакцина – бул «Бир Бол» партиясы! «Бир Болдо» өлкө үчүн вакцина бар»,-деди А.Сулайманов.

Съезддин жүрүшүндө «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасалары күтүлүүдө.

Ошондой эле «Бир Бол» саясий партиясынын IX кезексиз Съездинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана партиянын программасын бекитүү чечими кабыл алынмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>