Амангелдиев: КР Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга бааларды ооздуктоо планын даярдады

Кыргызстанда 2026–2027-жылдары бааларды ооздуктоо планын ишке ашырууга болжол менен 38 миллиард сом багыттоо пландалууда. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, Министрлер кабинетинин иш-аракеттер планы жакынкы арада кабыл алынат, ошону менен бирге негизги иш-чаралар жана тапшырмалар буга чейин эле бекитилген.
«Жакынкы арада Министрлер кабинетинин 2026 жана 2027-жылдарга бааларды ооздуктоо боюнча иш-аракеттер планы кабыл алынарын маалымдагым келет, анын алкагында бул максаттарга 38 миллиард сомго жакын каражат жумшоо каралган», — деп билдирди Амангелдиев.
Бул каражаттарды ата мекендик кайра иштетүүчүлөрдү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана мал чарбачыларын колдоого багыттоо пландалууда. Негизги милдеттердин бири — ички рынокту 20 миң баштан кем эмес өндүрүмдүү мал менен камсыз кылуу.
Дыйкандарды колдоо жана «борщ топтомуна» (картошка, сабиз, пияз ж.б. негизги жашылчалар) кирген азыктарды өндүрүүнү сактап калуу боюнча айрым чаралар каралган. Ата мекендик айыл чарба продукцияларын сактоо үчүн логистикалык комплекстерди куруу пландалууда.
«Бул ата мекендик дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн продукцияны сактап калуу жана ички рынокту өз убагында камсыз кылуу үчүн Президенттин түздөн-түз тапшырмасы болуп саналат», — деди Министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары.
Амангелдиевдин айтымында, Президент тарабынан коюлган милдеттердин бири — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин кеминде 70%га чейин көтөрүү.
«Бул алдыдагы мезгилге коюлган максаттар аткарылат деп ойлойм. Бюджетте тиешелүү ресурстар каралган», — деп белгиледи ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары бул келерки жылга карата макроэкономикалык параметрлер бекитилгенден кийин каралган кошумча каражаттар экенин тактап өттү.
Анара Мамытова